Соттолгондор нотариус боло албайт. Президент мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Нотариат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизген документке кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-апрелде кабыл алынган.
"Мыйзам жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия берүүдө жана жокко чыгарууда гумандаштырууну ишке киргизүү максатында иштелип чыккан", — деп жазылган маалыматта.
"Нотариат жөнүндө" мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
Мурда атайылап кылмыш жасаган, ал боюнча соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан, же ага карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча реабилитациялоочу жагдайга кирбеген негиздер менен кылмыш куугунтуктоосу кыскартылган адам нотариус боло албайт.
Лицензиянын колдонулушун токтото туруу Юстиция министрлиги тарабынан анын ичинде төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
жеке нотариустардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө 30 күндүн ичинде Юстиция министрлигине маалыматтарды бербегендик — бир айга чейинки мөөнөткө;
жеке нотариус нотариалдык ишти жөнгө салуучу башка ченемдик-укуктук актыларды бузса — Нотариалдык палата белгилеген тартипте квалификацияны жогорулатуу боюнча кошумча окуудан өтүү мезгилине;
жеке нотариустун кесиптик этикасынын кодексин бузуу, Нотариалдык палатанын сунушу боюнча — бир айга чейинки мөөнөткө;
архивдик документтерди кагаз жана электрондук (санариптештирилген) түрдө нотариалдык архивге мөөнөттү 30 календардык күнгө чейин бузуу менен тапшыруу — бир айга чейинки мөөнөткө.
Ошондой эле жеке нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмү Нотариалдык палата менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлиги тарабынан атайын методика менен аныкталары кошумчаланган.
Аймактарда иштей турган нотариустарга лицензия берүү жеңилдетилет