Самокатчыларды жөнгө салып, айыпка жыга турган мыйзамга кол коюлду

Мыйзамга "жеке мобилдүүлүк каражаты" деген термин киргизилип, ага кыймылдаткычы бар транспорттор кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 24-апрелде кабыл алынган.
Мыйзамга "жеке мобилдүүлүк каражаты" деген термин киргизилип, ага кыймылдаткычы бар транспорттор (электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар) кирген. Бул каражаттарды башкаргандар жол эрежелерин бузса 1000 сом айып салынат, мас абалында айдагандар 3000 сомго жазаланат.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев "көчөдө тынч баса албай калдык" деп кайрылгандардын саны өсүп кеткенинен улам иштеп чыкканын айткан.
Электросамокат айдоо эрежесин жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды