Садыр Жапаров журналисттер үчүн "Мейкин" сыйлыгын негиздеди. Максаты

Сый акы журналисттерге стимул берүү жана эмгектерин баалоо максатында уюштурулганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Өлкөдө журналисттер үчүн президенттик "Мейкин" сыйлыгы негизделди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында иштелип чыкканы айтылды.
Токтомго ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашып, үч айда "Мейкин" сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитиши керек.
Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын фондунан "Мейкин" сый акысын уюштуруу боюнча байге фондун түзүү жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражат табууга милдеттендирилди.
Элмирбек Иманалиевге Эмгек баатыры наамы берилди