Полотова Жылдыз Арстанбековна — өмүр баяны

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри 1974-жылы 11-августта Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.
Sputnik
Жылдыз Полотова 1997-жылы "нан бышыруу, макарон, кондитердик азыктарды өндүрүү жана тамак-аш концентраттарынын технологу" адистиги боюнча Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. Ал эми 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин "финансы жана кредит" адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
1994-жылы Ош облустук "Билим" мекемесинде бухгалтердин жардамчысы;
1996 — 2005-жылдары — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын эмгек рыногун талдоо бөлүмүнүн адиси, эмгек рыногун талдоо жана жумушсуздарды насыялоо боюнча жетектөөчү адис;
2005–2007-жылдары — "АЖАР республиканын аялдар активи ассамблеясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрайымы, башкы бухгалтер;
2007-жылдын январынан апрелине чейин — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
2007-жылдын апрелинен 2009-жылдын ноябрына чейин — Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык саясатты талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
2009-жылдын ноябрь айынан 2010-жылдын май айына чейин — өкмөттүк аппараттын өкмөттүн чечимдерин (социалдык коргоо, маданият, дене тарбия жана спорт, балдар, гендердик өнүктүрүү, дин жана интеллектуалдык менчик маселелери боюнча) талдоо бөлүмүнүн эксперти;
2010-жылдын майынан 2012-жылдын мартына чейин —Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин финансы-экономикалык башкармалыгынын бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо бөлүмүнүн башчысы;
2013-жылдын февралынан 2014-жылдын майына чейин — Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы социалдык камсыздоо департаментинин директору;
2014-жылдын майынан 2018-жылдын октябрына чейин — социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
2024-жылдын 7-июнунан тартып — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткарууда.
ЖК эмгек министри кызматына Жылдыз Полотованын талапкерлигин колдоду