Өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей алышат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Мыйзамда өспүрүмдөр үчүн жумуш күндүн узактыгы боюнча чектөөлөр белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жайкы каникулдун башталышына байланыштуу Кыргызстанда өспүрүмдөр канча саат иштей аларын маалымдады.
Эмгек мыйзамдарына ылайык, өлкөдө 16 жашка толгон кыргызстандыктар иштей берсе болот. Ал эми 15 жаштагы өспүрүмдөр эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен жумушка орношо алат.
"14 жашка толгон окуучулар да эмгек келишимин түзө алышат. Бирок ата-энесинин биринин (же камкорчу, же көзөмөлчү органдын) жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл. Алар мектептен бош убактысында ден соолугуна зыян келтирбеген жана окууга тоскоол болбогон жеңил жумуштарды жасай алышат", — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, мыйзамда өспүрүмдөр үчүн жумуш күндүн узактыгы боюнча чектөөлөр белгиленген.
"14 жаштан 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн күнүмдүк иштин (сменанын) узактыгы 5 сааттан, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн 7 сааттан ашпоого тийиш. Окуу менен жумушту айкалыштырган 14-16 жаштагы өспүрүмдөр күнүнө 2,5 сааттан, 16-18 жаштагы жаштар 3,5 сааттан ашпаган мөөнөттө иштей алат", — деп эскертти ведомство.
Кадрларды таап, окутуп беребиз. Министрлик жумушчу издегендерге кайрылды