Жер берилбейт. ЖК чет элдиктерге Ысык-Көлдө мүлккө ээлик кылууга уруксат берди

Аталган мыйзам долбоору курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөдөн инвестиция тартууга өбөлгө түзөрү белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын чет элдиктерге менчикке берүүгө уруксат берген мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Аны депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков демилгелеген.
Эл өкүлдөрү Жер кодексине, "Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда. Ага ылайык, министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүктөргө рекреациялык объектилер жана туристтик инфраструктураларга ээлик кылуу укугу берилиши мүмкүн.
Буга чейин депутаттар рекреациялык объектилерге эмнелер кирерине кызыгып, чет өлкөлүктөрдүн менчигине жер өтүп кетпейби деп кооптонушкан. Демилгечилер рекреациялык объектилерге эс алуучу, ден соолукту чыңдоочу, туризм үчүн пайдаланылуучу конок үйлөр, коттедждик шаарчалар, эс алуу үйлөрү жана башка объектилер камтыларын, ал эми жер тилкеси буга кошулбай турганын билдиришкен.
Ошондой эле аталган өзгөртүүлөр курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөдөн инвестиция тартууга өбөлгө түзөрү кошумчаланган.
Спикер Шакиев депутаттардан чет өлкөлүк сапарларды токтото турууну өтүндү