Радио

Мөңгүлөрдү изилдөөдө Кыргызстан Борбор Азияда алдыда турат

Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев өлкөдөгү мөңгүлөрдүн 18-25 пайызы эрип кеткенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда ири 12 мөңгүгө үзгүлтүксүз мониторинг жасалып, алардын эришине, өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мөңгүлөрдү изилдөөдө Кыргызстан Борбор Азияда алдыда туруп, баалуу маалыматтарга ээ.
"Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту Ысык-Көлдөгү Кара-Баткак, Григорьевка жана Кумтөрдүн айланасындагы алты мөңгүгө дайыма байкоо жүргүзүп, өзгөрүүлөргө мониторинг жасап турабыз. Мындан тышкары, Кыргызгидромет эки жана дагы бир уюм эки мөңгүнү мониторингдейт. Ал эми коңшу Казакстан эки, Тажикстан эки, Кытай да эки мөңгүгө байкоо салып турат. Демек, мөңгүлөрдү изилдөөдө Кыргызстан Борбор Азияда алдыда. Бул маалыматтарды Цюрихте жайгашкан Мөңгүлөрдү изилдөө борборуна жиберип турабыз. Алар жыл сайын жарыяланган журналга тенденцияларды, жаңылыктарды, өзгөрүүлөрдү чыгарып турат. Акыркы байкоолорго ылайык, өлкөдөгү мөңгүлөр 18-25 пайызга чейин эриди. Көбүнесе 4 миң метр бийиктикке чейинкилер тездик менен азайып баратат", — деди Чонтоев.
Ошондой эле адис акыркы заманбап технологияларды колдонуп мөңгүлөрдү изилдөө ишине көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.