Медициналык калдыктарды таштандыдай ташып, полигонго ыргыткандар аныкталды

Медициналык калдыктардан коркунучтуу оорулардын тарап кетүү ыктымалдуулугу жогору экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкектеги лабораториялардын биринен чыккан медициналык калдыктарды Бишкектеги полигонго ыргытып жүргөн ишкана аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай жосунга лицензиясы жок иштеп жүргөн медициналык калдыктарды жок кылуучу жеке ишканалар барган.

"Катуу таштанды ыргытымыш болуп өзгөчө кооптуу калдыктарды Бишкек шаардык санитардык полигонуна алып барып жүргөн ишкана аныкталды. Алар "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамды одоно бузушкан. Мындан тышкары, үйлөрдүн арасында атайын нормаларды карманбай медициналык калдыктарды сактап, ташып жүрүшкөн", — деп жазылат маалыматта.

Бул коркунучтуу оорулардын (ВИЧ инфекциясы, вирустук гепатит жана башка) тарап кетүү ыктымалдыгын күчөтөрү белгиленген. Ишкана айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөбөй, бюджетке 37 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылды.
Атайын кызмат бул мыйзамсыз ишке лабораториянын тиешелүүлүгүн текшерип жатканын кошумчалады.
Медициналык калдыктарды зыянсыздандыруучу 15 млн. сомдук шаймандар алынды