Архивдин кызматкерлери Россия, Казакстан, Өзбекстандын архивдеринен 2000ден ашык документти таап, алардын көчүрмөсүн алып келген. Аталган иш каражатка да карайт. Бул тууралуу Аскат Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын архивиндеги ачык маалыматтарды алуу кыйынчылык жаратууда.
"1926-жылга чейинки өлкөбүзгө тиешелүү документтер Ташкент, Алматы жана Оренбург шаарларынын архивдеринде жатканы маалым. Себеби мурда бийлик ошол шаарларда болгон. 2014-жылдан бери чет мамлекетте жаткан документтердин көчүрмөсүн алууга аракеттер көрүлө баштаган. 2016-2019-жылдар аралыгында программанын негизинде бул жаатта абдан иштедик. Бул эми финансылык каражатка да карайт экен. Биздин архивдин жөнөткөн кызматкерлери Россия, Казакстан, Өзбекстандын архивдеринен 2000ден ашык документти таап, алардын көчүрмөсүн алып келген. Аны элге жайылтуу максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин планына киргизгенбиз. Мурдагы жылы Өзбекстандын архивине бардык. Бирок Ташкенттин архивдеринен ачык маалымат алуу бир аз кыйыныраак болууда. Изилдөө ишине кирүү маселе жаратып жатат. Мисалы, былтыр изилдөөчүлөрдүн ал жакка барып иштешине уруксат ала алган жокпуз. Бизде бул жаатта Кыргызстандын жараны менен чет элдик жарандын укугу бирдей. Каалаган өлкөдөн келип биздин архивдерге кирип, ачык маалыматтарды, документтерди караса болот. Кыргыздар тууралуу маалыматтарды чогултуу программасы дагы да улантылып жатат. Анын негизинде коңшу үч өлкөгө барабыз. Байыркы Кытай архивинде сакталган кыргыздар тууралуу документтерди азыркы кытай жарандары да окуй албайт. Биздин изилдөөчүлөр барып иштегенде деле байыркы кытай тилин билген адис болбосо иш эффективдүү болбойт. Бул үчүн даярдык керек. Ошондой эле кыргыздар тууралуу Түркияда да маалымат бар. Ал маалыматтар да Осмон империясынын тили менен жазылган. Буга да адис керек", — деди Назаралиев.
Ал биринчи кезекте Россия, Казакстан, Өзбекстандагы ачык маалыматтарды алуу керектигин кошумчалады.