Тарыхый учур! КР футбол курамасы дүйнө чемпионатынын 3-баскычына жолдомо алды

Эки команда тең 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү баскычына жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Оман менен 1:1 эсебинде тең чыкты.
Оюндун 20-мүнөтүндө топ бурчтан чыгарылып, Элдияр Зарыпбеков гол киргизди. Беттештин 57-мүнөтүндө омандыктар ийгиликтүү чабуул жасап, эсепти 1:1 кылып теңеди.
1 / 4

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Оман менен 1:1 эсебинде тең чыкты

2 / 4

Оюндун 20-мүнөтүндө топ бурчтан чыгарылып, Элдияр Зарыпбеков гол киргизди. Беттештин 57-мүнөтүндө омандыктар ийгиликтүү чабуул жасап, эсепти 1:1 кылып теңеди

3 / 4

Бул дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү баскычына чыгуу үчүн тайпадагы соңку оюн болду

4 / 4

Натыйжада D тайпасында Оман курамасы 13 упай менен биринчи, Кыргызстан 11 упай топтоп 2026-жылкы дүйнө биринчилигинин кийинки баскычына жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна экинчи жолдомону илип кетти

Бул дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү баскычына чыгуу үчүн тайпадагы соңку оюн болду.
Натыйжада D тайпасында Оман курамасы 13 упай менен биринчи, Кыргызстан 11 упай топтоп 2026-жылкы дүйнө биринчилигинин кийинки баскычына жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна экинчи жолдомону илип кетти. Үчүнчү орундагы Малайзия 10 упай алса, Тайбэй бир дагы упайга ээ боло алган жок.
Эскерте кетсек, оюн Омандын Маскат шаарында өттү.
Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол командасына автобус белек кылды. Видео