Кыргызстанда мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

Мамлекеттик идентификациялык системаны ишке киргизүү контрафактылык жана кооптуу түзүлүштөрдүн өлкөгө киришин бөгөттөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 25-июндан тарта бардык байланыш каражаттарын Мамлекеттик идентификациялык системага (МИС) милдеттүү түрдө каттоо башталат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
2022-жылдын май айында жасалма телефондорду колдонуудан коргоо максатында министрлер кабинети өлкөгө колдонуудагы жана импорттолгон жаңы мобилдик аппараттарды идентификациялоо тартибин бекиткен.

"Мамлекеттик идентификациялык системаны ишке киргизүү контрафактылык жана кооптуу түзүлүштөрдүн өлкөгө киришин бөгөттөйт. Ошондой эле уюлдук телефондорду максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактыларын олуттуу кыскартат", — деди Салык кызматы.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, "О!") активдештирилген сим-карталары МИСке автоматтык түрдө катталат.
"Мамлекеттик идентификациялык системада катталбаган түзүлүштөргө карата коюлган чектөөлөрдү болтурбоо үчүн мобилдик түзүлүштөрдү импорттогондор же ишкердик кылган жеке жана юридикалык жактар Кыргызстандын аймагына алып келинген аппараттарды тез арада каттоодон өткөрүшү керек", — деди ведомство.
Бул телефондорду каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын катышуусу менен идентификациялык оператор тарабынан акысыз жүргүзүлөт. Мында тастыктоочу документтерди милдеттүү түрдө тапшыруу зарыл.
Акысыз каттоо үчүн бардык чарба жүргүзүүчү субъектилер идентификациялык оператордун (importer@imei.kg) электрондук дарегине түзмөктөрдүн IMEI коддорунун тизмесин жана тастыктоочу документтерди жөнөтүшү керек:
үчүнчү өлкөлөрдөн аппараттарды алып келүүдө — жүктүн бажы декларациясы;
ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагынан түзүлүштөрдү ташып келүүдө — товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө акт;
Кыргызстанда аппараттарды сатып алууда — жеткирүүчүлөр тарабынан берилген электрондук эсеп-фактуралар.
Бала гаджеттен алыс болушу үчүн жашоосун кызыктуу кылуу керек. Адистин кеңеши