Көз караштарыбыз боюнча жакынбыз. Иманкуловдун Россия күнүнө карата сөзү

Катчы Россия дайыма берип турган гранттык колдоосу жана экономикалык жардамы менен Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдөөгө, элдин бакубаттыгын арттырууга умтуларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Россия күнүнө карата куттуктоосун айтты.
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган расмий иш-чарада Иманкулов Кыргызстан менен Россия эли менталитети жана дүйнөгө болгон көз карашы боюнча окшош экендигин белгилеген. Анын айтымында, Советтер Союзу урагандан кийин анын жолун улантуучу катары калып, эгемендүүлүк алган мурдагы союздук республикаларга жакындык менен мамиле кылып келет.

"Анткен менен бизди бирдиктүү өлкөдө жашап турган ошол кездеги тарыхый маанилүү учурлар бириктирет. Көп нерсени чогуу баштан кечирдик. Эң оор мезгилде аталарыбыз, чоң аталарыбыз жалпы мекенибизди коргоп, өмүрүн берип, фашизмге каршы бирге туруп, күрөшкөн. Республика жана анын калкы СССРдин башка эли сыяктуу эле фронттун муктаждыгын жаап, жеңиш үчүн жан үрөдү. Согуштун кээрин, ачкачылыгын тарткандар калыбына келүү үчүн жергебизге жөнөтүлгөн", — деген Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекеттер аралык кызматташууга негиз салуучу алгачкы документтердин бири Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташуу, достук жана өз ара жардамдашуу боюнча 1992-жылы июнда кол коюлган келишим экенин белгилеген.
"Анда биринчи ирет жапырт жумушсуздукка кабылдык. Менталитет жана көз караштарыбыз, маданиятыбыз окшош болгондуктан жүз миңдеген жарандарыбыз дал Россияга иш издеп чыгып кетишти. Мындайча айтканда, бул нерсе жаңы түптөлүп келе жаткан кыргыз мамлекети үчүн жардам болду. Эмгек мигранттарынын салымы мамлекеттик бюджеттен ашкан учурлар да кездешти", — деген Иманкулов.
Ал Россия дайыма гранттык колдоо кылып, экономикалык жардам берип, анысы менен Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдөөгө, элдин бакубаттыгын арттырууга умтуларын далилдеп келерин айткан.

"Россия өкмөтүнүн Кыргызстандын тышкы карызын кечүү боюнча бир нече чечими буга айкын далилдердин бири. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Россиянын ар кыл багытта өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча укуктук базасындагы келишимдердин, документтерин саны 400дүн тегерегинде. Соода-экономикалык өнөктөштүк өсүп жатат. Кыргызстандын тышка соодасындагы Россиянын үлүшү 30 пайызга чукул. РФ республикага 147 миллион доллардан ашык каражат салып, өлкөдөгү алдыңкы инвесторлордун катарында турат", — деген Иманкулов.

Россотрудничество: кыргыз-орус байланышы катаал сыноолорду жеңе алды