Кан донорлорунун пенсиясына кошумча төлөмдү көтөрүү сунушталды. Өлчөмү

Өлкөдө "КР ардактуу донору" төш белгиси менен 1 554 жаран сыйланган, 810у пенсионер экени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстанда кан берген донорлордун пенсиясына каралган кошумча каражатты көбөйтүү сунушталууда. Мыйзам долбоору парламентте иштелип чыккан.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1000 адамды кан менен камсыз кылуу үчүн 40 донор болушу керек десе, учурда Кыргызстанда 6-7 гана донор туура келет", — деп жазылган документтин негиздемесинде.
Учурда өлкөдө "КР ардактуу донору" төш белгиси менен 1 554 жаран сыйланган, 810у пенсионер экени белгиленген. Алардын пенсиясына 1997-жылдан бери акча кошула элек. 27 жыл бою пенсияга кошумча 100 сом гана каралган. Депутат Нуржигит Кадырбеков аны 1000 сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады.
Эл өкүлү пенсияга кошумча төлөмдөрдү көбөйтүү башкаларды донор болууга шыктандырат деп эсептейт.
Радио
Донорлордун саны кескин кыскарууда. Себеби