Кубанып, секирип, сүйүнүп... Ташиевдин футбол оюнунан кийинки видеосу

"Ак шумкар" кечээки беттеште тең чыгып, тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун үчүнчү баскычына өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол союзу Камчыбек Ташиевдин Оман менен болгон кечээки оюнда трибунада күйөрмандар менен кошо улуттук кураманы колдоп жаткан учуру тартылган кадрларды жарыялады.
Ошондой эле Ташиев футболчулар менен бирге кийим алмаштыруучу жайдан Кыргызстандын курама командасынын 2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турунун 3-туруна чыкканын чогуу белгилеген видео жарыяланды.
Эске салсак, "Ак шумкар" кечээ Оманда болгон беттеште тең чыккан.
Тарыхый учур! КР футбол курамасы дүйнө чемпионатынын 3-баскычына жолдомо алды