БУУ: Израиль Газада адамзатка каршы бир нече кылмыш жасады

БУУнун эксперттери Иордан дарыясынын батыш жээгинен Израилдин аскер күчтөрү адамдарга карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүп, кыйноо ыкмаларын колдонгонун аныкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Израилдин бийлиги 7-октябрдан бери Газада жасалган адамзатка каршы аскердик кылмыштарга жооптуу. Бул тууралуу Палестинанын оккупацияланган аймагы боюнча БУУнун көз карандысыз эл аралык иликтөө комиссиясынын баяндамасында жазылганын РИА Новости кабарлады.
"Израиль бийлиги 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газадагы аскердик операция учурунда адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн жооптуу. Ал эми палестиналык куралдуу топтор Израилде жасаган кылмыштары үчүн жооптуу", — деп айтылат документте.
Бириккен Улуттар Уюмунун комиссиясы Израилдин бийлигин "ачкачылык, жарандарга жана жарандык объектилерге атайылап сокку уруу, мажбурлап көчүрүү, сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү, кыйноо жана ырайымсыз мамиле жасоо аракеттерин" согуш ыкмасы катары колдонгону үчүн жооптуу деп тапкан.
"Комиссия адамзатка, анын ичинде палестиналык эркектер менен балдарга сексуалдык куугунтук, мажбурлап көчүрүү, кыйноо, ырайымсыз мамиле жасалган деген тыянакка келди", — деп белгиленет докладда.
БУУ ошондой эле Газадагы кыйроолор аларга карата максималдуу зыян келтирүү максатында жасалган стратегиянын натыйжасы экенин белгилеген.
Документте Израиль комиссиянын иликтөө жүргүзүүсүнө, Израилге жана оккупацияланган Палестина аймагына кирүүгө тоскоолдук жаратканы жазылган.
"Отчётто сексуалдык жана гендердик зомбулуктун конкреттүү формалары Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн операциялык процедураларынын бир бөлүгү экени айтылган. Адамдарды элдин көзүнчө жылаңачтап чечиндирүү, кемсинтүү сыяктуу укук бузуулардын көптүгү ушундай тыянак чыгарууга негиз болду", — деп белгилеген комиссия.
БУУнун эксперттери Иордан дарыясынын батыш жээгинен Израилдин аскер күчтөрү адамдарга карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүп, кыйноо ыкмаларын колдонгонун аныкташкан. Мунун баары аскердик кылмыш болуп эсептелет.
ХАМАС жана башка алты палестиналык куралдуу топтордун 7-октябрдагы аракеттери, ошондой эле Израилге жасаган ракеталык чабуулдары да аскердик кылмыш катары квалификацияланган.
БУУнун маалымат кызматы бул отчет 19-июнда Женевада өтө турган БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 56-сессиясында мамлекеттерге берилерин тактады.
Май айында Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокурору Карим Хан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу үчүн Сотко чейинки палатага кайрылганын билдирген. Ал өз билдирүүсүндө аты аталгандар 2023-жылдын октябрынан бери жасалган аскердик жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн жооптуу экенин белгилеген. Ал эми Байден АКШ Газа тилкесиндеги окуяларды геноцид деп эсептебей турганын жана Хандын айыптоолорун четке кагарын айткан.
2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде жарандык буталарга кол салууларды камтыган "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 37 миңден ашуун адам каза болуп, 84,5 миңге жакыны жаракат алган.
Путин: Газадагы кырдаал согушка окшош эмес, бул элди кырууга жатат