“Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы менен ТЭЦ мэрияга өттү

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын ТЭЦи жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы калаанын мэриясына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Аларды башкаруу үчүн мэриянын алдындагы Отун-энергетикалык комплекс департаменти түзүлдү. Бул нерсе жылуулук, газ жана электр энергиясы менен камсыздоо жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзүү үчүн зарыл.
Бишкекте 16-июнь күнү эртең менен коомдук транспорт элди акысыз ташыйт