Бишкекте 16-июнь күнү эртең менен коомдук транспорт элди акысыз ташыйт

Sputnik
БИШКЕК, 12 июн — Sputnik. Бишкекте 16-июнь күнү эртең менен муниципалдык коомдук транспорт элди акысыз ташыйт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Саат 5:30дан 11:00гө чейин автобус менен троллейбустарда жүрүү акысыз. Акция шаар боюнча иштейт.
Мэрия мындай чечимди Курман айтта жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алды.
Бишкектеги 15 маршрутканын каттамы өзгөрдү. Тизме