Базарларды текшерүүгө киргизилген мораторий жыл соңуна чейин узартылды

Чакан жана орто бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 1-июлга чейин базарларды текшерүүгө киргизилген мораторий жыл соңуна чейин узартылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Базарларды текшерүүгө киргизилген мораторий 2025-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин мораторий 1-июлга чейин киргизилген. Ал чакан жана орто бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана колдоо максатында узартылууда.
"Бул мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга тиешелүү. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана ЭТТКны колдонбогондугу үчүн административдик айыптарды салбайт. Базарларда чекене соода жүргүзгөн ишкерлер үчүн ЭТТКны колдонуу жөнөкөйлөштүрүлгөн. Алар товарлардын калдыктарын кириштөөдөн жана калкка сатууда эсептен чыгаруудан бошотулат. Жеткирүүчүлөрдөн товарларды сатып алуу үчүн ЭТТК системасына катталуусу гана талап кылынат", — деп жазылган маалыматта.
Эскерте кетсек, бир катар базарлардын соодагерлери нааразычылык акция уюштуруп, алар ЭТТКны колдонууга каршы экенин жар салышкан.
ЖК кирешени ыктыярдуу мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узарткан долбоорду кабыл алды