Баткенде 2 жашар кызды комага түшкүчө сабаган деп өгөй атасы кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Баткенде эки жашар кыз эс-учу жоголгончо сабалганына шектелип анын өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, наристе ооруканага 7-июнь күнү түшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги учурда кыз жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылып, комада жатканын маалымдады.
"Мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы деген диагноз коюлду. Абалы өтө оор деп бааланууда", — деп билдирди ведомство.
Милиция кылмышка шектүү деп наристенин 40 жаштагы өгөй атасын кармады. Ал Бужум айлынын тургуну экени, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.
Акыйкатчы маморгандарды окуучунун сабалышы боюнча чара көрүүгө чакырды