АКШда ИМ* менен байланышы бар делген теги тажикстандык 8 киши кармалды

ФБР сегиз кишини "ИМ" менен байланышы бар деген айып менен камоо зарыл деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. АКШнын бир катар шаарларында "Ислам мамлекети" террордук уюмуна* тиешеси бар делген теги тажикстандык сегиз киши кармалды. Бул тууралуу РИА Новости америкалык NBC News телеканалына шилтеме берип жазды.
"Дем алыш күндөрү Нью-Йорк, Филадельфия жана Лос-Анжелесте Борбор Азиядагы "ИМ" менен байланышы бар делген сегиз киши кармалды. Алар Тажикстандан келген ", — деп айтылат маалыматта.
Телеканал белгилегендей, шектүүлөр АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматтары тарабынан кармалган. Алардын ишмердүүлүгү бир нече ай бою Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) көзөмөлүндө болгон. Маалымат булактары телеканалга билдиргендей, ФБР сегиз кишини "ИМ" менен байланышы бар деген айып менен камоо зарыл деп эсептейт. Бирок аларга азырынча "террордук актыларды уюштурууга камынган" деген айып тагыла элек. Шектүүлөр депортацияланары, ошондой эле терроризмге байланыштуу айып дагы тагылышы мүмкүн экени айтылды.
* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ФСБ: Украина чалгын кызматынын "Крокустагы" терактыга тиешеси бар экени аныкталды