Бишкекте "Аккула" ат майданында эркек киши чагылган тийип каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкекте "Аккула" ат майданында эркек киши чагылган тийип көз жумганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынан тастыкташты.

"Окуя болгон жерге Тез жардамдын бригадасы барган, бирок куткарып кала алышкан эмес", — деди кызматтан.

Бул кырсыктан чабандестин минип жүргөн аты да өлгөн.
Милициядан адам өмүрүн алган факт Ленин райондук ИИБине катталып, тергөө башталганын айтышты.
Ошто чагылган тийген улан ооруканада көз жумду