Пушкиндин бир эле чыгармасын 17 акын которгон учурлар бар. А.С. Пушкинге 225 жыл!

Sputnik
Окумуштуулар Пушкиндин чыгармачылыгы кыргыздарга үч жол менен келди деп белгилешет. Биринчиси, акын Тоголок Молдонун атасы Михаил Фрунзе менен жакын дос болгондуктан экөөнүн алакасынын арты менен Пушкиндин чыгармалары кыргыздарга тараган. Экинчиден, казак, татар тилине которулган чыгармалары жете баштаган. Ошондой эле орус-тузем мектептеринен билим алган кыргыз жаштары да окуу программасынын алкагында акындын поэма, кара сөзү менен таанышышкан.
Александр Пушкинди эгер акын болбосо, тарыхчы болмок деп коюшат. Анын чыгармаларында "киргизцы", "кергызцы" деген аталышта улут же каарманга тиешелүү ыр саптары көп кездешет. Мындан анын ала-тоолук кыргыздар тууралуу кабардар болгонун түшүнөбүз. Ал чынында тарыхка абдан кызыккан, аны жакшы билген инсан болгон.
Улуу акындын чыгармачылыгы тууралуу “Кеменгер” программасынан тыңдаңыз.