Алгачкы жолу тарыхый мурастарга мамлекеттен акча бөлүндү. Кандай иштер аткарылат?

Sputnik
Президент Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында жарлыкка кол койгон. Анын негизинде "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы иштелип чыгып, өз ишин баштаган. Археологиялык изилдөөлөр багытында бул эгемен өлкөдө алгачкы ирет уюштурулуп жаткан мамлекеттик экспедиция. Бул иш-чара боюнча маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошов айтып берди.