Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын 3-баскычына жолдомо алды Жаштар арасында "Кыргызстан үчүн 100 идея" сынагы жарыяландыЖогорку Кенеш эмгек министри кызматына Жылдыз Полотованын талапкерлигин колдоду.Алдыда кененирээк...
Жогорку Кеңеш эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Жылдыз Полотованын талапкерлигин колдоп берди. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар бир катар суроолорду берип, сунуштарды айтышты. Депутат Исхак Масалиев прокуратура майыптарга бөлүнгөн каражатты кымырган аткаминерлерди аныктаганы боюнча маалымат чыкканын айтып, бул ишке тиешеси бар-жогун тактады. Полотова бул боюнча тергөө бүткөндө министрлик кеңири маалымат таратарын айтып, өзүнүн тиешеси жок экенин билдирди.Натыйжада анын талапкерлиги үчүн, катталган 83 депутаттын 82си "макул" деп добуш берди. Эске салсак, буга чейинки министр Гүлнара Баатырова 7-июнда кызматынан бошотулган. Министрдин милдетин убактылуу аткарып туруу милдети Жылдыз Полотовага жүктөлгөн. 49 жаштагы Полотова буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген.
"Кыргызстан үчүн 100 идея" сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп, ага 14 жаштан 35 жашка чейинкилер катыша алат. СынакIT-чөйрөсү Илим жана изилдөөлөр Медицина Экологияны сактоо Социалдык чөйрө Өндүрүштүк технологиялар жана өнөр жай инфратүзүмү Туризм жана коопсуздук номинациялары боюнча өткөрүлөт.Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылып, 2025-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин "КМШ үчүн 100 идея" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алат. Конкурска катышуу үчүн 30-июнга чейин "Жаштар инфо" сайтына табыштама берүү зарыл.
Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-баскычына жолдомо алды. Кечээ, 11-июнда Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамалары ойноду. Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде өттү. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда Оман курамасы 13 упай менен биринчи, Кыргызстандын курамасы 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Малайзия 10 упай менен үчүнчү, ал эми Тайбэй 0 упай менен акыркы орунга жайгашты. Жыйынтыгында биринчи, экинчи орунду алган Оман жана Кыргызстандын улуттук курамалары 2027-жылы өтө турган Азия кубогуна жана дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна жолдомо алышты. Мындай жетишкендик акшумкарлардын тарыхында алгачкы жолу болду.
АКШ Украинадагы согуш аларга кооптуулук жаратпагандыктан Киевге аскер жөнөтпөй, финансылык жардам менен чектелет. Бул туурасында АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Уоррен Дэвидсон маек берип жатканда айтканын РИА новости жазды. "Канча доллар жөнөтсөк деле, ал долларлар эсепсиз берилип, чыгымдалса деле, баары бир кошумча аскер киргизбей туруп орустарды жеңүү мүмкүн эмес", — деген ал. Анын айтымында, Украинада арбын куралды андан ары пайдаланып алып кете тургандай эл да, ресурс да, тажрыйба да жок. Конгрессчи ошол себептен консервативдүү эмес бир катар саясатчылар тарабынан америкалык аскерлерди Украинага жөнөтүү туурасында айтылып жатканын эске салган. Бирок эксперттин пикиринде согуш Кошмо Штаттарга кооптуулук келтирбегендиктен, күч жиберүү такыр туура эмес.