Жогорку Кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат

Мыйзам долбоорунун максаты — шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.
Түзөтүүлөрдүн максаты — шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү. Документти иштеп чыгууга Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты.
Документте шаардык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын төрт жылдан беш жылга узартуу, айылдык кеңештерге шайлоодо миң сом күрөөнү алып салуу сунушталууда.
Мындан башка дагы жагдайлары:
шаардык кеңештерде шайлоо босогосун жети пайыздан бешке чейин кыскартуу;
пилоттук негизде электрондук добуш берүү механизмин киргизүү;
шаардык кеңештерде шайлоо процессине преференциялык системаны киргизүү. Мында шайлоочуларга бирдиктүү шайлоо округунда саясий партияны гана эмес, белгилүү бир талапкерди да тандоо укугу берилет;
шаардык кеңештерге шайлоолордо инклюзивдүү жана гендердик тең салмактуулуктун нормасын киргизүү. Партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана аялдардын саны 30 пайыздан кем эмес болууга тийиш.
Радио
Депутат: борборго кошулган соң айылдарыбыздын маселеси калып калбашы керек