Экзаменде отурган жокмун. Парламентте депутат менен министр айтыша кетти

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетте административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун пакети каралды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен депутат Чыңгыз Ажыбаев айтыша кетишти.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетте административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун пакети каралган.
Жыйын учуруунда эл өкүлү Баткен облусу боюнча жол картага каражат жетпей жатканын, аны 1,5 миллиард сомго көтөрүүнү сунуштаса "Акылбек Жапаров менен Финансы министрлиги өз кызыкчылыгы үчүн артка кетиргенин" айтты.
Экономика министри Баткен үчүн баары күйүп жатканын, ал эми каражат өз убагында бөлүнгөндүгүн айтып, депутатты этиканы сактоого чакырды.
"Чыңгыз Ильяскожоевич, Чолпон Аалыевна, этиканы карайлы. Кайсы өз кызыкчылыктары? Баарыбыз Баткен үчүн күйөбүз, бардык каражат өз убагында бөлүнүүдө", — деди Амангелдиев.
Мындан ары маек төмөндөгүдөй уланды:
— Эгерде Баткен жөнүндө сөз болуп жатса, анда мен Баткен жөнүндө айтып берейин. Лейлек районунда быйыл канча мектеп бүтөт, билесизби?
— Азыр жооп беришет.
— Сиз билесизби?
— Билем, бирок азыр так жооп беришет.
— Жооп бериңиз анда.
— Мен сиздин экзамениңизде отурган жокмун. Мага минтип экзамендей суроо бербеңиз.
— Бул министрдин өзүнүн этикасын караш керек. Болбосо залдан чыгарып салгыла.
Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова, өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев ортого түшүп, тараптарды сый мамилеге, сабырдуулукка үндөдү. Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоп берди.
Бир катар шаарлар ирилештирилип, Араван менен Гүлчө райондук маанидеги калаа болот