БИШКЕК, 10-Июн. — Sputnik. Кыргызстан товарларын Иранга экспорттогондо импорттук бажы алымдарынан жылына 2 миллион долларга чейин үнөмдөй алат. Бул тууралуу ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы "Эркин соода жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорунда жазылган.
Аны Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жактырды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоордун максаты 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербургда кол коюлган макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
ЕАЭБ жана Иран төмөнкүдөй пайда көрөт:
Иран менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ тышкы экономикалык ишмердүүлүк товар номенклатурасынын 88 пайызына преференция алат;
ЕАЭБ менен соодада Иран тышкы экономикалык ишмердүүлүк товар номенклатурасынын 87 пайызына преференция алат;
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сатуучулары Иран рыногуна продукцияларды жеткирүүдө импорттук бажы алымдарын төлөөдөн жыл сайын 380 миллион долларга чейин үнөмдөй алышат.
"Ирандан Кыргызстанга импорттолуп жаткан ар кандай азыктарга чай, кайра иштетилген жашылча-жемиштер, курма, жаңгак, кафель, айнек буюмдары, химиялык буюмдар, кийим-кече, эмерек жана башкалар кирет. Ал эми Кыргызстандан Иранга экспорттолуп жаткан товарларга төө буурчак, пахта буласы, жаңгак, жибек куртунун пилласы жана башкалар кирет. Кыргызстандан ташылып жаткан товарларга Ирандын импорттук бажы алымынын орточо өлчөмү 17 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөйт. Кыргызстан өз товарларын Иранга экспорттоодо импорттук бажы алымдарын төлөөдөн жылына 2 миллион долларга чейин үнөмдөй алат", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Мындан тышкары, төлөмдөрдүн алынышы буга чейин Кыргызстандан Иранга экспортко чыга элек бекемделбеген айнек, мүшөк жана баштык, кой жана козу эти, бодо малдын эти жана субпродуктулары, жүгөрү, күн карама майы, арпа сыяктуу товарларды жөнөтүп баштоого мүмкүндүк берери кошумчаланган.