Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Дүйнөлүк согушка жетелейт! Япониялык саясатчы РФке сокку уруунун кесепети тууралуу

Судзуки — 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар таасирдүү саясатчы. Японияда тынчтык келишимине кол коюуга жана Россия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги менен белгилүү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. АКШнын Россия аймагына сокку урууга берген уруксаты туура эмес. Бул нерсе үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин япониялык белгилүү саясатчы, парламенттин депутаты Мунео Судзуки билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мен АКШнын чечимин жаңылыштык деп эсептейм. Анткени бул нерсе согушту узартат жана үчүнчү дүйнөлүк согушка жетелейт. Президент Путиндин атайын аскердик операцияны баштоо чечимин кабыл алууга Байден түрткү болгон. Мындай англосаксондук тышкы саясатка жол бербеш керек. Япониянын коңшусу — бул Россия. Бизде байыртадан бери келе жаткан "алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" деген кеп бар. Америка тууган, анткени биз союздашпыз, бирок мындай учурларда коңшулар артык. Россия, Кытай, Түштүк Корея жана Түндүк Корея менен компромисс табыш керек. Мен бул тууралуу премьер-министр Фумио Кисидага айтып келем", — деди Судзуки.
Судзуки — 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар таасирдүү саясатчы. Японияда тынчтык келишимине кол коюуга жана Россия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги менен белгилүү.
Судзуки маркум премьер-министр Синдзо Абэге кеңеш берип турган жана анын тушунда эки тараптуу байланыштар интенсивдүү өнүгүп келген. Өткөн жылдын күз айларында Японияда анын Россияга жасаган сапарынын айланасында чыр чыгып, япон бийлиги кадамын терс кабыл алган. Натыйжада Судзуки өзү мүчө болгон Японияны жаңылоо партиясынан чыгып кеткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пекин Украина боюнча чыныгы тынчтык конференциясын өткөрүүнү сунуштады