Кыргызстанда темирдин экспортуна убактылуу тыюу салынды

Экономика жана коммерция министрлиги чектөө киргизүүнүн максаты темирдин тартыштыгын алдын алуу экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстанда кара металлдын сыныктарын, калдыктарын, уютмаларын ташып чыгууга (экспорттоого) алты айга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү токтом добоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Документтин максаты — темирдин тартыштыгын алдын алуу жана кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү.
"Токтом күчүнө киргенден кийин үч күндөн кечиктирбестен темирдин экспортуна убактылуу тыюу салынганы тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна, Евразия экономикалык комиссиясына жана КМШнын Аткаруу комитетине кабарланышы керек. Ал эми Бажы жана Чек ара кызматтары аталган товардын мыйзамсыз экспортуна бөгөт коюу үчүн зарыл чараларды көрсүн", — деп жазылган документте.
Токтом расмий жарыяланган соң жети күндөн кийин күчүнө кирет.
Садыр Жапаров алтын камтыган руда менен концентратты экспорттоого салынган тыюуну алды