Шаардык кеңешке саясий партия менен кошо талапкерлерди да тандоо сунушталууда

Мыйзам долбоору Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун (ВЖТ) ишинин алкагында иштелип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Шаардык кеңешке шайлоодо саясий партияга эле эмес, талапкерлерге да добуш берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеген.
Бүгүн, 11-июнда, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карап, биринчи окууда жактырды.
"2021-жылы шайлоочуларга саясий партияны гана эмес, талапкерди да тандоо укугу берилген. Аталган өзгөртүү шайлоочулардын чоң колдоосуна ээ болду. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо да ушундай ченемдерди киргизүү сунушталууда", — деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.
Ошондой эле партия алган мандаттарынын 30 пайыздан кем эмеси көп добуш алган аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Айрым талапкерлер (мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери ж.б.) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга милдеттүү болот. Ал эми шайлоо босогосун 7 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүү сунушталууда.
Депутаттар шайлоо алдындагы үгүтчүлөрдүн санын азайтуу мыйзамын четке кагышты