Прокуратура майыптарга бөлүнгөн каражатты кымырган аткаминерлерди аныктады

Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги текшерилген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жооптуу кызматкерлери майыптарга бөлүнгөн акчаны кымырып алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан аталган министрлик текшерилген. Анын жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталганы белгиленди.
"Министрликтин жооптуу кызматкерлери "М.А.Р.К.К.А." коомдук бирикмесинин жетекчиси менен майып аялдарды окутуу жана жумуш менен камсыздоого багытталган долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим түзүшкөн. Бирок мамлекет тарабынан берилген каражат өз багыты боюнча жумшалбай, документтер жасалмаланып акча жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кеткендиги аныкталган. Натыйжада мамлекетке жалпысынан 1 миллион 440 миң сом зыян келтирилген", — деп жазылат маалыматта.
Факт боюнча министрликтин жана "М.А.Р.К.К.А." коомдук бирикмесинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголгону кошумчаланды.
Майыптыгы барларга жасалган сексуалдык кылмыш үчүн жазаны катаалдатуу сунушталууда