Кытай өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча кескин билдирүү жасады

Буга чейин АКШнын Индия-Тынч океан командачылыгынын башчысы Самуэль Папаро Кошмо Штаттар аралга ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кытай андан Тайванды бөлүп кетүүгө жол бербейт. Бул туурасында Кытайдын Вашингтондогу элчилигинен билдиришкенин РИА Новости жазды.
"Өзүнүн суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча Кытайдын чечкиндүүлүгү менен өзгөчө жөндөмүн эч ким көңүлдөн чыгарбашы керек", — деген агенттикке дипломатиялык миссиянын өкүлү.
Элчиликтен АКШнын Тайванга курал сатуусу Кытайдын суверендүүлүгүнө, коопсуздук боюнча кызыкчылыктарына доо кетирип, Пекин менен Вашингтондун ортосундагы мамилени суук селки кылат.
Дипломаттар Америка бийлигин "бирдиктүү Кытай" принциби менен биргелешкен үч коммюникенин жоболорун сактап, Тайванга курал сатуу менен аскерий жааттагы байланыштарды токтотууга чакырды. Аны менен кошо Тайвань кысыгында чыңалган абалдын жаралышына шарт түзбөшү керектигин айтты.
Буга чейин The Washington Post АКШнын Индия-Тынч океан командачылыгынын башчысы Самуэль Папарого таянып, Тайванды материктик Кытайдын жасап жиберчү аскердик операциясынан коргоого Вашингтондун катуу турганын билдирген.
Басылма адмирал Тайвань кысыгы эгерде Кытай флоту аралга келиш үчүн 100 милдик аймакты өтүп жакындаса, "сыр болгон бир катар мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, учкучсуз эле тозокко айлантууга" убада берген. Бул үчүн суунун алдында жана үстүндө миңдеген дрон колдонуу пландалып жатат. Адмирал АКШ операцияны 2027-жылга даярдап жатканын белгилеп, Пекин Тайвань боюнча көздөгөн иштерин дал ушул учурга ыңгайлаштырганын айткан жайы бар.
Кытайдын борбордук өкмөтү менен анын аралдык провинциясынын расмий мамилеси 1949-жылы үзүлгөн. Бул Чан Кайши башында турган Гоминьдан күчтөрү Кытай компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилип Тайванга барган соң болгон. Кытай материги менен аралдын ортосундагы иштиктүү мамиле жана формалдуу эмес байланыштар 1980-жылдардын соңунда жаңыланган. 1990-жылдардан тарта мамлекеттик эмес уюмдар — мамилелерди жакшыртуу боюнча Пекин ассоциациясынын Тайвань кысыгы жана Тайбэй фонду аркылуу байланыша башташкан.
Пекин Тайвандын өз алдынчалуулугун тааныбайт, өз провинциясы деп эсептеп, дүйнөнү "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырып келет. АКШ бул принципти кагаз жүзүндө сактаган болуп, арал менен жигердүү кызматташып, байма-бай курал-жарак жеткирип турат.
Кытай: Тайванды бөлүп кетүүгө аракет кылгандар "энчисин" алат