Кыргызстанда биринчи ирет ЖОЖдордун улуттук рейтинги түзүлдү. Жыйынтык

Рейтингди түзүү иштери былтыр октябрда башталып, сурамжылоого 1001 мугалим жана 507 иш берүүчү катышканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу жогорку окуу жайлардын улуттук рейтинги түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ЖОЖдор академиялык бедел, иш берүүчүлөрдүн баасы, окутуунун сапаты, шилтеме берүү индекси, чет элдик мугалимдердин жана студенттердин саны боюнча бааланган.
Төмөндө алдыңкы ондукка кирген университеттер:
1.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — 461,56 балл;
2.
"Ала-Тоо" эл аралык университети — 453,58 балл;
3.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 436,74 балл;
4.
Ош мамлекеттик университети — 415,84 балл;
5.
Кыргыз-Россия Славян университети — 412,74 балл;
6.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — 404,36 балл;
7.
Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети — 403,54 балл;
8.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — 352,92 балл;
9.
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети — 324,3 балл;
10.
Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети — 318,12 балл.
Окуу жайлардын көрсөткүчү менен сайтынан таанышууга болот.
Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери былтыр октябрда 27 университет маалымат берүүгө макул болуп, келишим түзүлгөндөн кийин башталган. Сурамжылоого 1001 мугалим жана 507 иш берүүчү катышканы айтылды.
Этникалык кыргыздарга ЖОЖдордон 75 орун бөлүндү. Тапшыруунун шарт-талабы