РФ элчиси Николай Удовиченко Кыргызстандагы дипмиссиясын жыйынтыктоодо

Дипломат кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР ТИМинин юбилейлик медалы менен сыйланды
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Министр Жээнбек Кулубаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Министр элчини келе жаткан мамлекеттик майрамы – Россия күнү менен куттуктап, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирген.
Ал белгилегендей, Удовиченко элчи болуп иштеген мезгилде эки мамлекеттин ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрүлгөн.
Тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле ушул жылы июль айында Красноярск шаарында боло турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынына, XI кыргыз-россиялык аймактар аралык конференциясына даярдык көрүүнү талкуулашты.
Удовиченко кыргыз тарапка өз милдеттерин аткарууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүү үчүн күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.
Соңунда министр Николай Удовиченкону кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР ТИМинин юбилейлик медалы менен сыйлады.
Тилектештигиңерге рахмат! Россиянын элчиси кыргызстандыктарга кайрылды