Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү кыйла өстү

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсүнүн дээрлик төрттөн үчү Россияга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүү 10,5 пайызга өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын төрт айында тышкы сооданын көлөмү 5,2 миллиард долларды түздү. Ал эми 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,7 пайызга, экспорт 19,7 пайызга, импорт 29,2 пайызга өскөн.
"Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен 1,4 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 10,5 пайызга өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон сооданын эң чоң үлүшү Россия (73,7%) менен Казакстанга (24,3%) туура келет", — деп айтылат маалыматта.
Филиппиндин Россиядагы элчиси: ЕАЭБ менен макулдашууга кол коюу ниетибиз бар