Баткенде Коргоо министрлигинин кызматкери автокырсыктан каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Баткен облусунда жол кырсыгы болуп, андан бир киши көз жумган. Бул тууралуу облустук ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-июнда Раззаков — Ош жолунда айдоочу рулду башкара албай Honda Civic унаасы аласалып кеткен.
"Кырсыктан жүргүнчү каза болуп, айдоочу ооруканага жаткырылган. Учурда тергөө жүрүүдө", — деп билдиришти ЖКККББдан.
Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк булактарынан белгилүү болгондой, көз жумган адам Коргоо министрлигинин кызматкери экен.
"Баткендеги № 52870 аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөп жаткан 31 жаштагы кенже сержант Т.Н. уулу окуя болгон жерде көз жумган. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүп берилди. Унаанын айдоочусу 30 жаштагы Т.М. уулу ар кандай жаракаттарды алган", — деген маектеш.
Бишкекте "Тазалыкта" иштеген аялды коюп кеткен деп милиционер кармалды