Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

ФСБ: Украина чалгын кызматынын "Крокустагы" терактыга тиешеси бар экени аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиянын атайын кызматы "Крокус сити холлдогу" терактыны уюштурууга Украинанын аскердик чалгын кызматтарынын катыштыгы бар экенин аныктады. Бул тууралуу ФСБнын жетекчиси Александр Бортников билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Украинанын жана Батыштын чалгын кызматтары Россиянын аймагында резонанстуу кылмыштарды жасай турчу адамдардын чөйрөсүн кеңейтип, эл аралык террордук уюмдарды даярдоого жана жабдууга көмөк көрсөтүп жатканын белгилеген.
ФСБнын жетекчиси Александр Бортников
Май айында КМШга мүчө мамлекеттердин күч түзүмдөрүнүн жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкекте өткөн кеңешинин жыйынында Бортников "Крокустагы" терактыга Украинанын аскердик чалгын кызматынын түздөн-түз тиешеси бар экенин айткан.
Москванын четиндеги Красногорск шаарында жайгашкан "Крокус" концерттик залында 22-март күнү теракт жасалган. Кол салгандар имараттагы адамдарга автоматтан ок чыгарып, залды өрттөп салышкан. Натыйжада 145 адам каза болуп, "Крокус сити холл" толугу менен күйүп кеткен.
Апрель айынын соңунда Росфинмониторингдин жетекчиси Юрий Чиханчин "Крокустагы" терактыны каржылоо криптовалютаны колдонуу менен көптөгөн каржы уюмдары аркылуу өткөнүн жана аны уюштурууга бир нече өлкөнүн жарандары катышканын белгилеген.
Садыр Жапаров: "Крокустагы" окуя кызматташууну күчөтүү зарылдыгын көрсөттү