"Рух-Ордодогу" 135 метрлик комуз формасындагы пирстин кечки көрүнүшү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "Рух-Ордодогу" комуз формасындагы пирстин узундугу 135 метр, жалпы аянты 1 800 чарчы метр. Бул тууралуу №2 мамлекеттик резиденциянын директору Бакыт Ибраимов билдирди.
"Коноктор эс алып отурганга отургучтар коюлуп, фотозона уюштурулган. "Рух-Ордо" комплексине ортосунда очогу бар 70 орундуу амфитеатр салынган", — деди Ибраимов.
Буга чейин президент Садыр Жапаров пирстин ортосунда боз үй формасында айнек ресторан турарын билдирген. Ибраимов ал боюнча так маалымат бере албай турганын, бул долбоор иштелип жатканын айтты.
Ысык-Көлдү суу транспортунун зыянынан кантип сактап калабыз? Көйгөйлүү маек