ЖМК: Макрон өзүнө жакын чөйрө менен болжолдуу отставкасын талкуулап жатат

Президенттин чөйрөсүндөгү адамдардын бири ЖМКга бардык варианттарды карап көрүү керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон кызматтан кетерин жокко чыгарбайт. Бул тууралуу РИА Новости Europe-1 радиосуна таянуу менен жазды.
"Өлкө башчынын кызматтан кетиши — тыюу салынган нерсе эмес, бардык варианттарды карап көрүү керек. Ал президенттик мөөнөтүн "курмандыкка" чалууга даяр", — деп билдирген ЖМКнын маалымат булагы.
Макрон бул сценарийди соңку жумаларда өзүнүн чөйрөсүндөгү адам менен талкуулаганы белгиленди.
Жекшемби күнү Францияда Европарламентке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланган. Ага ылайык, "Улуттук биригүү" Макрондун жактоочуларынын коалициясынан эки эсе көп добуш алып алдыга озуп чыккан. Француз лидери Улуттук жыйынды таратып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо (30-июнда жана 7-июлда) жарыялаган.
RTL телеканалы Toluna Harris Interactive компаниясынын сурамжылоосуна таянып кабарлагандай, оңчулдар мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы боюнча Улуттук ассамблеяда салыштырмалуу көпчүлүккө ээ болушу мүмкүн.
Макрон менен Шольцтун жеңилүүсү. Матвиенко, Володин Европарламентке шайлоо тууралуу