УКМК: Ысык-Көлдө фермерлерди башаламандык уюштурууга чакыргандар аныкталды

Атайын кызмат жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана социалдык тармактарда тараган чагымчыл маалыматтарга алданбоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө Whatsаpp аркылуу фермерлерди массалык башаламандык уюштурууга чакыргандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар жол тосуп, сүт ташыган айдоочуларды барымтага алууга үндөгөн.
"О.Ж.А. жана М.Б.А. аттуу жарандар сүттүн мезгилдик арзандоосунан улам 1000ден ашык катышуучусу бар Whatsаpp-группада аудиобилдирүүлөрдү таратышкан. Соттук-лингвистикалык экспертиза тараган аудиолордо массалык башаламандык уюштурууга чакырык белгисин аныктаган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө", — деп жазылган маалыматта.
Атайын кызмат жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана социалдык тармактарда тараган чагымчыл маалыматтарга алданбоого чакырды.
Бишкектеги башаламандык. Свердлов РИИБинин кызматкерлери кызматтан алынды