Орбан: Европаны согушка кептей турчу поездди жайлатууга мүмкүн болду

Премьер Батыш саясатчылары менен ЖМКларынын билдирүүлөрү Европа Россия менен болчу согушка даярдануусун далилдеп жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Европарламентке шайлоо ойдогудай өтүп, анын жыйынтыгы менен Европаны жаңы согушту көздөй алып бараткан "поездди жайлатууга" мүмкүн болду. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан М1 телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда Европарламентке шайлоо европалык саясатчыларды согушка сүйрөп бараткан көрүнүштү кыйла жайлата алды. Алгач Европада, андан соң АКШда. Эгер ушул эки жартыны бириктире албасак, тынчтык менен согуштун тарапкерлеринин каршылашуусунан жеңип чыга албасак, анда Европада болчу согуштун катышуучулары болуп калабыз", — деген Орбан.
Анын айтымында, шайлоо "пландагандай" өттү.
"Поездди жайлатууга мүмкүн болду. Аны токтотуп да коюуга болот, анткени согушка ыктаган Францияда чоң өзгөрүү болгонуна күбөбүз. Тынчтыктын тарапкерлери болуп көрбөгөндөй айырма менен утуп чыгышты. Эми ал жакта парламенттик шайлоо өтүшү керек. Эгер алар мында да жеңишке жетсе, чоң утушка ээ болобуз", — деди Орбан.
Венгриянын премьери "эми Дональд Трампты (АКШнын экс-президенти) күтүү керектигин, ал экинчи жартыны кошсо толугу менен тынчтык орной" турганын кошмчалады.
Буга чейин Орбан Европа "акылынан айныган машинист" башкарып бара жаткан поезд сымал тездик менен согушту көздөй баратканын, муну токтотуп калуу керектигин билдирген болчу. Анын айтымында, Европанын согушка ыктаган саясатчылары реалдуулукту анча жакшы аңдабай Россияга үстөмдүк кылууга аракет кылып жатышат. Орбан мындай көрүнүш ХХ кылымда эки ирет болгонун белгилеген. Венгриянын ТИМ жетекчиси Петер Сийярто Евробиримдик жарандары ЕБге шайлоо учурунда үчүнчү дүйнөлүк согушка алып бараткан поездди токтотуп калууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген эле.
Орбан ага чейин "Брюсселдин аскерий ажаандыгын" токтотуп калбаса азыркы процесстер бир топ жылдардан кийин үчүнчү дүйнөлүк согушка даярдык же анын толук кандуу эпизоду катары кабылданып каларын эскерткен.
Премьер Батыш саясатчылары менен ЖМКларынын билдирүүлөрү Европа Россия менен боло турган согушка даярдануусун далилдеп жатканын билдирген болчу. Анын айтымында, Брюсселдеги НАТОнун жумушчу топтору альянс Украинадагы жаңжалга кандайча катыша аларын аныктап жатышат. Орбан ал арада Будапешт НАТОнун мүчөсү болуп туруп бул согуштан канткенде оолак калуунун жолун издеп жатканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Германиянын Россия менен согушка даярданышы тууралуу айтканына үн катты