Радио

Өмүрбекова: ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттары үчүн жеңилдиктер көбөйдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова биримдик алкагында эмгек мигранттары үчүн киргизилген жеңилдиктерге токтолду.
Sputnik
Эми Россияда иштеп жүргөн мекендештер жыл сайын чек арадан чыгып, документ толтурушпайт. Каттоосу эмгек келишиминде канча мөөнөт көрсөтүлсө ошончо убакытка жарактуу болот. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россия Федерациясында иштеп жаткан кыргызстандыктар мамлекеттик кызматтарды онлайн-форматта ала алышат.
"Россияда эмгектенген ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына документ иштеринде бир топ жеңилдиктер каралды. Алардын бири эми мурдагыдай болуп жыл сайын мекенине барып же чек арадан чыгып, кайра кирип каттоосун жаңыртып отурушпайт. Эмгек келишими менен иштеп жатса, ошол келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Россияда эркин жүрө беришет. Муну менен катар эле жаран башка максатта барып, бирок иштөө үчүн кала турган болсо да жеринен Россия Федерациясында же ЕАЭБге мүчө башка өлкөдө жүрүү максатын өзгөртүп ала алат. Сыртка чыгуу зарылдыгы жок. Ошондой эле мамлекеттик кызматтардан онлайн колдоно алышат", — деди Өмүрбекова.
Ал Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн бирине иштөө максатында бара жаткандар үчүн "Работа без границ" тиркемеси иштээрин кошумчалады.