Өлкөдөгү боорду алмаштыруу боюнча алгачкы операция ийгиликтүү өттү

Боору алмаштырылган бейтаптын жана донордун абалы туруктуу экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду акысыз алмаштыруу боюнча алгачкы операция ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, операция 8-9 саатка созулуп, ага министр Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык дарыгерлердин тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да көрсөткүчтөрү туруктуу экени айтылды.
"Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан", — деп белгиледи саламаттык сактоо министри.
Учурда бейтаптардын абалы көзөмөлдө, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин эки аялдын органы алмаштырыларын, аларга кыздары донор болору кабарланган.
Пресс-борбор
Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө боор алмаштыруу операциялары качан жасаларын айтты