Бишкектен Куала-Лумпурга түз авиакаттам ачуу сүйлөшүлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда түз авиакаттам ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
1 / 2

Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда түз авиакаттам ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө

2 / 2

Маалыматка ылайык, учурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору жана "Манас" эл аралык аэропортунун коммерциялык директору кирген кыргыз делегациясы Малайзияда тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Маалыматка ылайык, учурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору жана "Манас" эл аралык аэропортунун коммерциялык директору кирген кыргыз делегациясы Малайзияда тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
"Бир катар жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы аба каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.
Делегациянын иш сапары Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин 15-16-майдагы Кыргызстанга жасаган расмий сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өтүүдө.
Садыр Жапаров Малайзиянын премьерине Ала-Арчадан кыргыздын маданиятын көрсөттү