Муфтият: айт намаз аянтта эмес, мечиттерде окулат

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Быйыл айт намаз мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
"16-июнга белгиленген Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги мечиттерде окулат", — деп жазылган маалыматта.
Айт намаздын программасы:
06:15-07:25 — баяндар;
7:25-7:30 — айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;
07:30 — айт намазы.
Эске салсак, быйыл Курман айт 16-июнга белгиленген. 15-июнь арапа күнү болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар келерки жума аягында үч күн катары менен (15-16-17-июнь) эс алышат.
Депутат 8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөөнү сунуштады