Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин украиндердин көбөйүшүнө "салымы". АКШлык эксперттин айткандары

Экс-кеңешчи Зеленский элдин убалына калып жаткандыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Пентагондун мурдагы кеңешчиси Теодор Постол Владимир Зеленский жана анын "жемиштүү" ишмердүүлүгү, украиндердин демографиялык процессине кошуп жаткан "салымы" туурасында пикирин билдирди.
Постол эгерде украиналык болуп калса, президент Владимир Зеленскийди жек көрмөктүгүн, ал элдин убалына калып жаткандыгын белгилеген.
"Украина бул согуштан жеңилди. Орустар кандайдыр бир таптакыр түшүнүксүз себептен улам куралын таштап чыгып кетпесе эле эми Украинаны эч нерсе сактай албайт", — деген эксперт.
Зеленский жаштарды согушка чакыруу менен өз өлкөсүнүн экономикасын талкалап жатканын, демография жаатында келечекте болуп көрбөгөндөй аксай турганын белгилеген.
"Зеленский күнөөсүз адамдарды канды булоонго ыргытып жатат. Бир жылдык даярдыктан өтүп эле согушка кирбесе, алардын аман-эсен калышы арсар", — деген Постол.
Бул согуш талаасында тараза ташы Россия тарапка оой турганы айтылган биринчи учур эмес. АКШнын деңиз аскерлери бөлүмүнүн отставкадагы офицери жана аскердик аналитик Скотт Риттер да Москва жакын арада Украинаны толугу менен демилитаризациялоо максатына жете аларын белгилеген эле.
Анын айтымында, Россия ушу тапта жеңишке жетерине көзү жетип калган баскычта турат. Максатка жетүүнүн кандайдыр бир мөөнөтүн койбой эле алдыга жылууда. Мындан тышкары, Риттер Россия аскерлерин өтө кооптуу абалга кептебөө, алардын өмүрүн сактоо үчүн жай жүрүүнү туура деп эсептей турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш Зеленскийди сүйлөшүүлөргө макул кылдырууга даярданып жатат