АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирген кыргызстандыктар чыгарылат

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. АКШда мурдагы СССРдин алты мамлекетинен мыйзамсыз барган мигранттар депортацияланат. Бул туурасында New York Post ички документтерге таянып жазганын РИА Новости билдирди.
Маалыматта бул кадамдар АКШга мыйзамсыз кирип жаткандар өтө көп топтолуп калган Сан-Диего секторуна гана тиешелүү экендиги айтылды.
"Меморандумга ылайык, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген мигранттар АКШдан токтоосуз чыгарылат. Башкалар соттон кийин бошотулат, бирок баш калка сурай алышпайт", — деп жазган басылма.
Бул Сан-Диегонун чек ара секторуна мыйзамсыз кирип жаткан чыгыш жарым шарындагы (Африка, Азия, Австралия жана Европа кирген) жүзгө жакын мамлекеттин өкүлдөрүнө тиешелүү болбойт.
ЖМК: АКШ-Мексиканын чек арасындагы борборлор мигранттарга болуп көрбөгөндөй толду