12-июнга карата аба ырайы

12-июнга караган түнү айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткендин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр нөшөрлөп жаайт. Мындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги өрөөндөрдө сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +32...+37, Ысык-Көл өрөөнүндө +23...+28, Нарында +20...+25 гардус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте күндүн табы +32...+34 градуска жетсе, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Катуу жаан жаап, кайра сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты