20 жашында баатырларча курман болгон. Асанбек Оторбаевди эскерүү

Sputnik
Талас районундагы Чат-Базар айылында Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев жарык дүйнөгө келген. Кыргыздын баатыр уулу 16 жашында согушка атасынын ордуна баруу өтүнүчүн жергиликтүү аскердик комиссариатка билдирет. Бирок жашы жетпегендиктен согушка жөнөтүлбөйт. Арадан эки жыл өтүп 1943-жылы согушка барган Асанбек Оторбаев согушта «Сорвиголова́» аттуу каймана атка ээ болот. Анткени урушканда жоокерлерге кайрылганы тамашага айланып калган. Ал 1945-жылы душмандан стратегиялык көпүрөнү сактап, бир канча немисти жок кылып, өзү курман болгон.
Ушул жана башка маалыматтар менен бөлүшкөн программанын коноктору Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин 100 жылдыгы болорун белгилешти.