Тартип же эркиндик. Адам өзүн кандай алып жүргөндө көбүрөк ийгиликке жетет?

Sputnik
Жашоодо адамдын эркиндигинен өткөн байлык жок. Эркиндик – бул жашоо менен же эркин журүм-турум менен гана чектелбейт. Эркиндик — бул адамдын эркин ой-жүгүртүүсү, сүйлөөсү, билим алуусу, тандоосу жана башка. Ал эми тартип — бул кайсы бир эреженин чегинде, белгиленген эрежеге баш ийүү. Тартип эч качан эркиндикти чектебейт. Болгону кайсы жерде өзүн кандай алып жүрүү керектиги, кимге кандай сүйлөө керектиги тууралуу эреже. Ийгиликке жетүүдө эркиндик менен тарбиянын ролу кандай? Кандай адам эркин ой жүгүртүү менен ийгиликке жете алат? Ийгилик дегенде эмнени түшүнөбүз?
Ушул өңдүү бир катар суроолорго жоопту “Көз мончок” уктуруусунан тыӊдаӊыз.